Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 9 жаштагы орусиялык кызды кар көчкү басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Москва шаарынан келген үй-бүлө 24-февралдан тарта жергиликтүү эс алуу жайында жашап жаткан. 28-февралда саат 10:00дөр чамасында алар үй-бүлөсү менен жалпы 5 адам лыжа тебүү үчүн тоого чыгып кетишет. Алар базадагы эң жогорку чокуга чыгышып, лыжа тебүүгө даярдалган жолго салбастан, тоонун лыжа тебүүгө кооптуу эсептелинген боору менен ылдый түшкөн. Алар тоо этектеп лыжа менен бара жаткан учурда саат 15:00дөр чамасында баарын кар көчкү басып калган. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн төртөөсү өз алдынча кар көчкүдөн чыгышкан, бирок 9 жаштагы кыз кар көчкүнүн алдында калып, анын жансыз денесин алып чыгышкан.
Андан сырткары, учурда каза болгон кыздын денеси өлүк сактоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалганын да кошумчалады.