Бишкек шаарынын тургуну кошунасын зордуктап, кийин мыкаачылык менен сабап, аягында мууздап салган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 1-мартта окуянын күбөсү билдирди.
"Кечээ, 28-февралда 21:00 чамасында Бишкек шаарындагы Интергельпо көчөсүндө жашаган адам мас абалында өзүнүн кошунасын зордуктаган. Кийин мыкаачылык менен сабап, аягында мууздап салган. Шектүүнү милиция кызматкерлери кармап кетишти", - дейт күбө.
Ошондой эле ал шектүү да, каза болгон аял да пенсия курагындагы адамдар экенин айтты.