Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун командалык эсебинде 1-орунду алды. Грек-рим күрөшү боюнча жалпы 10 медаль топтомдору ойнотулган.
Кыргыз балбандары 8 медаль тагынышты, алар 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль. Жыйынтыгында 157 упай топтоп, командалык эсепте алдыга эч кимди чыгарышкан жок.
2-орунда 156 упай менен Казакстан курама командасы жайгашты, казак балбандар 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.
3-орунда 148 упай менен Өзбекстандын спортчулары жайгашты, өзбек спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.
Медалдарга жетишкен Кыргыз балбандар:
Акжол Махмудов (72 килограмм) - алтын медаль;
Атабек Азисбеков (82 килограмм) - күмүш медаль;
Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) - күмүш медаль;
Урмат Аматов (63 килограмм) - күмүш медаль;
Каныбек Жолчубеков (60 килограмм) - коло медаль;
Азат Бейшебеков (87 килограмм) - коло медаль;
Үзүр Жузупбеков (97 килограмм) - коло медаль;
Мурат Рамонов (130 килограмм) - коло медаль.