Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Бүгүн медалдар үчүн Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова күч сынашууда

Бүгүн, 1-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 3-мелдеш күнү өтүүдө. Анда кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп жатат.

Бүгүнкү мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону Айпери Медет кызы, жабык имараттагы Азия оюндарынын коло медалынын ээси Мээрим Жуманазарова, ошондой эле балбан кыздар Нураида Анаркулова жана Саяна Баизова катышууда.

Азыркы тапта Саяна Баизова тандап алуу этапта казакстандык Марина Закшевскаяга жеңилип калып, медалдар үчүн күрөштү токтотту. Ал эми калган Кыргыз спортчулары учурда килемге чыга элек.

Кыргыз балбандардын атаандаштары:

59 килограммга чейинки салмак ченинде:

Нураида Анаркулова - Жиюн Ум (Түштүк Корея)

68 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мээрим Жуманазарова - Маи Хаякава (Япония)

76 килограммга чейинки салмак ченинде:

Айпери Медет кызы - Минагава Сузуки (Япония)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2018-03-01 13:25:34
saat kanchada?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан