Орусиянын Камчатка крайында Кыргыз жаранынын 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганы аныкталган жок. Бирок ал башка мыйзам бузууларга айыпталып абакта кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 24 жаштагы Э.Т. Ош облусунун тургуну.
"Тергөөнүн жыйынтыгында ага коюлган айып тастыкталбагандыктан Э.Т. аттуу Кыргыз жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Бирок анын Орусиянын аймагында жүрүүгө уруксат кагаздары болгон эмес. Ага байланыштуу убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Жакынкы күндөрү ал Орусиянын аймагынан депортацияланат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Камчатка крайында 24 жаштагы Кыргыз жараны 15 жаштагы орус кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип кармалганы кабарланган.