Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 54 жаштагы тургунун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү катары 3 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат кызматынан бүгүн, 1-мартта кабарлашты.
Маалым болгондой, шектүүлөр 28-февраль күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. "Кармалгандар айыл тургунун өлтүрүп, андан кийин анын 250 миң сомун карактап кетүүгө шектелип жатышат", - дешти ОИИБден.
Белгилей кетсек, 25-февралда Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылып, факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Орусияда иштеп жүрүп, 2017-жылдын ноябрь айында мекенине келген. Жубайы Түркияда эмгектенет.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум ошол күнү үйүндө жалгыз болгон.