Орусия Кышкы Олимпиадада ийгилик жараткан спортчуларын BMW үлгүсүндөгү унаалар менен сыйлады

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Пйоңчаңда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга BMW үлгүсүндөгү машиналарды тапшырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаңы унаалардын ачкычына 46 спортчу ээ болду. Анда алтын медалдарды ээлеген спортчулар BMW X6, күмүш медалдын ээлери BMW X5 жана коло медалдын ээлери BMW X4 унаалары менен сыйланышты. Олимпиадада жакшы жетишкендиктерди көрсөткөн орусиялык спортчулар 2006-жылдан баштап мамлекеттен унааларды белекке алышат.

2016-жылда өткөн Олимпиада оюндарында медаль утуп алгандар BMW X6, X4 жана X3 унааларына ээ болсо, 2014-жылы өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын медалдарынын ээлери Мерседес-Бенц унааларына ээ болушкан.

9-25-февраль аралыгында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында орусиялык спортчулар Эл аралык олимпиада комитетинин желегинин алдында катышкан. Алар мелдештин жыйынтыгында 2 алтын, 6 күмүш жана 9 коло медаль жеңип алышты.

Эске салсак, орусиялык спортчулардын допинг текшерүүсү таза чыгып, Орусия автоматтык түрдө кайрадан Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Petrovka
2018-03-01 15:13:28
Ооо мынча жакшы биздикилерге таш балакет деле жок го
+13
salfego
2018-03-01 15:45:17
Petrovka, биздикилер утса береби? Аягынан биринчи келген учун берсинби.
+22
Ermekbai
2018-03-01 15:14:49
Ушинтип колдоп турса бизден да чыкса керек спортсмендер. Былтыры Алматыга лыжасы жок барган спортсмендер арендага лыжа алып катышканын угуп жаман эле болгомун мамлекеттин кұчү лыжага жетпей калдыбы деп. Колдоо керек спортчуларга. Колдоо көрсөтүп турсак бизденда кыйын спортчулар чыгат.
+24
Paprikafm
2018-03-01 15:26:50
Биздикилер утуп келсе кайра сурайт мамлекетке бергиле деп
+19
Azatbek83
2018-03-01 18:05:39
Paprikafm,Болсун болсун А бирок Ак Үйдогулордун баарын алмаштырыш керек! Ошондо биз айткандай болот!
+2
abon
2018-03-01 15:30:43
биздин мамлекетте да болуп калаар убакыт келип
+3
karakulja
2018-03-01 15:32:54
Эхх БМВ БМВ,
Кайдан алдын тыйынды.
Каалагандай айдайсын,
Не кайын журтун кыйынбы
-8
TalaCSKA
2018-03-01 15:45:14
karakulja,олипиададан медаль алгандарга белекти жакшы эле берет ко бизде деле билип коруп туруп калпы жинди болбогулачы!
+7
Adi.Avazbekov
2018-03-02 15:03:51
TalaCSKA,туура риодон женгендерге сыйлык беруу боюнча биринчи орунга чыкты элего кыргызстан. Бирок эч ким медал алган жок
0
gulmira12345
2018-03-01 21:56:25
karakulja,Путин брат кыйында
+2
lenovo820
2018-03-01 15:41:28
Базар жок. Спортсмен эле болуп калбай.
+6
erkinali858585
2018-03-01 16:44:55
Бакиев берди элего эки машина кытайда куроштон женип келгендерге.
+4
Kyrgyz_eli
2018-03-01 16:48:02
Биздикилер налог деп утуштун жарымын алып алышат
+3
bond02
2018-03-01 16:49:31
бизде болгондо депутаттар талашмак БМВны.
+9
monok2001
2018-03-01 21:05:48
bond02,пешком же коомдук унаада
жургондон уялат
+1
Azatbek83
2018-03-01 18:03:42
Биздикилер наоборот налог алышат! Допинг текшерүүдөн таза чыкса да таза чыкпапсын деп берген белегин кайтарып алышат! Орусия Молодец спортсмендерин колдошот!
+2
BBB88
2018-03-01 19:02:30
Орусия футболдон чыксын ушунчалык эле кыйын болсо
+1
Okna
2018-03-01 19:14:17
Акаев Бакиев берет эле! Атамбаев Жеенбековтарга биз эл беребиз
+2
Firdaus-Muslim
2018-03-01 20:28:37
Олимпияда демекчи: Изат Артыковго Бразилиядан жеңип келгенде эки үй берилет деп айтышкан эле, ошол үйлөрдү беришкенби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан