Дарыгер: "Ошто 5-кабаттан кулап кеткен өспүрүм эсине келди, ал психикалык жактан жабыркайт экен"

Ош шаарында 5-кабаттан кулап кеткен өспүрүм эсине келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы М.А.Жоробаев бүгүн, 1-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Ош көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган 2003-жылы туулган М.Хамрабаевди апасы батирге калтырып, эшикти сыртынан бекитип кеткен.

"Бала айнектин текчесинде отуруп жерге кулап кеткен. Кулап баратып кир жаюучу кермелердин ар бирине илинип түшкөндүктөн кырсык жеңилирээк болгон. Өспүрүм психикалык жактан жабыркагандыктан атайын мектепте окуганы белгилүү болду.

Азыркы учурда абалы туруктуу, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган жана мээсине кан уюп калган. Бардык тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө", - дейт дарыгер.

Эске салсак, 28-февраль күнү саат 17:45те Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Ош шаарындагы өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кеткен өспүрүм келип түшкөнү маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан