Бүгүн, 1-мартта Бишкек-Баткен аба каттамындагы учактын кыймылдаткычы күйүп кетти. Бул тууралуу кырсык болгон учактын жүргүнчүсү, ырчы Дайыр Исмадияров бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
"Аба ырайы өзгөргөндүгүнө байланыштуу саат 11:10до уча турган аба каттам 2 саат кийинкиге жылдырылган. Мунун себебин Бишкектеги туманга байланыштуу деп түшүндүрүштү. 2 сааттан кийин учакка отуруп, абага көтөрүлгөнбүз. Чычкан капчыгайына жеткенде учактын сол канатында жайгашкан кыймылдаткыч күйүп кетип, артка кайттык. Учак "TEZ Jet" авиакаттамына таандык болчу", - деп билдирди ал.
Ал белгилегендей, кырсыктан оор жаракат алгандар жок.