Аламүдүндө адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Анын айтымында, 28-февралда түнкү саат 00:15 чамаларында Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде адам өлтүрүү фактысы катталганы айтылган.

"Милиция кызматкерлери Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде 38 жаштагы З.Б. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринен улам З.Б. туугандары менен алкоголдук ичимдиктерди ичкени маалым болгон. Кечинде З.Б. менен тууганы экөөнүн ортосунда талаш чыгып, аял аны бир нече жолу бычак менен сайып салган. Оор жаракат алгандан улам З.Б. ошол жерден көз жумган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, Аламүдүн районунун тургуну 48 жаштагы С.Ж. камакка алынган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери уланууда", - деп айтышты Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан