КҮНСЕРЕП: 4 миң үй-бүлө көчкү коркунучунда

Бүгүн, 1-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

“Мегакомду” сатып алам деп кызыккан кезектеги чет өлкөлүк компания пайда болду. Буга чейин 3 жолку аукциондо сатылбаган “Мегакомго” акыркы убакта эле 3-кардар табылды. Уюлдук операторду сатып алуу боюнча түштүк кореялык “Goldenkey Asset Investment & Management” компаниясынан сунуш түшкөнүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди. Аталган чет өлкөлүк компания "Мегакомдун" 100 пайыз акциясын сатып ала турганын маалымдаган. Сунуш карап чыгуу үчүн “Мегакомго” жөнөтүлдү.

Өткөн айдын башында швейцариялык "ALF Consulting SA" компаниясы "Мегакомду" сатып алууга кызыкдар экенин билдирген. Ага чейин “Акылдуу шаар” долбоорунун инвестору “АКА Инвест” компаниясынын да сатып алуу ниети бар экени маалым болгон. Былтыркы жылы орусиялык Елена Нагорная аттуу ишкер да чыккан. Бирок “чай, кофе сатуу менен алектенген ишкер кантип “Мегакомду” сатып алат?” деген суроолор басымдуулук кылып, соңу сүйлөшүүнү токтотуу менен аяктаган.

Эртең, 2-март күнү “Мегакомго” коюлган баанын мөөнөтү аягына чыгат. Компаниянын баасы өзгөрөрүн же өзгөрбөсүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду азырынча жарыялай элек. Былтыр уюлдук оператордун 100 пайыздык акциясы 13 миллиард 500 миллион сомго бааланган. 2015-жылдагы баасы 20 миллиард сомдун тегерегинде эле. Бирок улам жарыяланган аукциондо бул баага сатып алуучу табылбай, компаниянын наркы арзандай берди. Аукцион аркылуу сатууга 3 ирет аракет кылгандан кийин өкмөт “Мегакомду” түз сатык аркылуу сатмак болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жыйынтыктоочу маалымат жыйынында “Мегакомдун” баасын дагы арзандатыш керек, 20-30 пайызга түшүрсө болот” деген. Эгерде 20-30 пайызга баа ылдыйласа, анда 9-11 миллиард сомдун аралыгындагы сумма келип чыгат. Демек, баштапкы коюлган баадан эки эсе арзандайт. 2 миллиондон ашуун абоненти, бир нече жылдык ийгиликтүү иш тажрыйбасы, бүткүл республика боюнча техникалык базасы бар уюлдук оператор кирешелүү компания экени түшүнүктүү. Ошого карабай өкмөт “Мегакомду” сатып жиберүүгө аракет кылууда. Маселе компаниянын ырынан чыры көп, бир топ соттук териштирүүлөр аралашкан өтмүшүндөбү?..

УКМК өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын биринде иштеген мугалимге карата социалдык тармакта жазган билдирүүсү үчүн кылмыш ишин козгоду. Ага Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин Т.Болотбеков аттуу окутуучусунун Фейсбукта башка улуттун өкүлдөрүн кемсинткен комментарийлери себеп болгон. Ал билдирүү кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулар сындашып, комментарий ээсин элди бөлүп-жарбоого, улут аралык мамилелерди бузбоого чакырышкан. Жыйынтыгында окутуучуга Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык, диний же аймактык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер) боюнча кылмыш иши козголду.

Ушул сыяктуу эле окуя былтыркы жылы да орун алган. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу Т.Дооталиева Боинг кырсыгынан мерт кеткендерди табалап, Фейсбуктагы баракчасына элди бөлгөн чагымчыл билдирүү жазган. Пост коомчулукта нааразычылык толкунун жаратып, анын көпчүлүгү мындай журт бузарлар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деп чыгышкан. Т.Дооталиева жумуштан айдалып, суракка да алынып, анда анын билдирүүсүнөн улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутуу элементтери табылганы маалымдалган. Бирок жыйынтыгында УКМК тарабынан эскертүү алуу менен кутулган.

Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык, улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутууга, улуттук ар-намысты басмырлоого багытталган аракеттер эл алдында же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жасалса, 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. 2016-жылы бул берененин “эгерде бул жосундар эл алдында же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу менен жасалса” деген бөлүгү “эгерде бул жосундар ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын, ошондой эле интернет тармагын пайдалануу аркылуу жасалса” деп өзгөртүлгөн. Эркинен ажыратуу жазасы 4-7 жыл деп узартылган.

Элди бөлүп-жаруу аракеттери, улуттук коопсуздукка шек келтирүү аракеттери тийиштүү мекемелер тарабынан териштирилиши керек болгон иштер. Бирок интернеттеги жеке баракчада жазылган жеке пикир үчүн кылмыш жообуна тартылуу кооптуу көрүнүш. Мындайда бөрк ал десе баш алган органдардын адамдардын Конституцияда көрсөтүлгөн эркин пикир билдирүү укугун чектөөгө өтүп кетүүсү бат эле...

Өкмөт башчы Сапар Исаков жер көчкү басып калуу коркунучу бар 4 миңден ашуун үй-бүлөнү көчүрүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, түшүндүрүү иштери, ссудаларды жана жер тилкелерин бөлүп берүү аракеттери жүргүзүлгөнүнө карабастан, алар коркунуч жараткан аймактардан көчпөй жатышат. "Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бир жарым айдын ичинде элди көчүрүү үчүн чараларды көрүүсү керек", - деди премьер-министр.

Өткөн жылы 29-апрелде Оштун Өзгөн районуна караштуу Аюу айылында көчкү түшүп, 24 адам топурак астында калган. Кырсыктан кийин "жер көчкүнүн алдын алууга болот беле?" деген суроо көп талкууга алынып, эртеңкиге сабак боло турган так жыйынтык жарыяланбай кала берген. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жер көчкү жүргөн айыл тургундарына окуядан 3 күн мурун, дегеле 1995-жылдан баштап бир канча жолу көчүү тууралуу эскертүү берилгенин айтып чыгышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул сыяктуу окуяларга байланыштуу суроолорго “күч колдонуп көчүрүүгө укугубуз жок” деп жооп узатып, кол куушурган.

Ал эми Кыргызгидромет өлкө аймагы боюнча быйыл март айынын биринчи жарымы жаан-чачындуу болорун кабарлады. Жамгырдын көп жаашы же эрте жазда абанын жылуу болушу адатта тоолордо кардын эрүүсүн шарттап, селдин жаралышына, жер көчкүнүн жүрүшүнө түрткү болот. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жалпы аткаруучу бийликтин бир жыл бою жер көчкү басып калуу коркунучунда жашаган 4 миңден ашуун үй-бүлөнү көчүрүү маселесин чече электиги, андай коркунучта жашап жаткан адамдардын да былтыр адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсыктардан сабак албай жатышканы ойлондурат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан