Күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова коло медалды тагынды. 68 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Жуманазарова коло медаль үчүн беттеште индиялык Дивия Какранга туш келди.

Беттештин жыйынтыгында кыргыз балбан кызы 12:6 эсеби менен жеңишке жетти. Айта кетсек, учурда дагы бир кыргыз балбандын коло медаль үчүн чыгуусу күтүлүүдө. 76 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы кореялык балбан менен беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
warrior96
2018-03-01 20:07:42
Айсулуу кара????
0
warrior96
2018-03-01 20:08:31
кана???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан