Францияда футболдук клубдун негиздөөчүсү командасы жеңишке жеткен соң көз жумду

Франциялык "Шамбли" футболдук клубунун негиздөөчүсү Вальтер Лузи клуб жеңишке жеткен соң көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 28-февралда Франция кубогунун чейрек финалында "Шамбли" жана "Страсбур" клубдары беттешип жыйынтыгында Лузи негиздеген клуб 1:0 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алган.

"Мен ишенем ал өзүнүн командасынын жеңишин көрдү. Бул жеңиш анын жашоосундагы эң негизги жана акыркы сүйүнүчтүү окуя болду", - деп билдирген оюндун калысы Николас Рейнвилл.

Лузи өзүнүн Флавио жана Бруно аттуу уулдары менен "Шамбли" клубун 1989-жылы түзгөн. Азыркы тапта аталган клуб Франциядагы белгилүү футболдук клубдардын бири болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан