Мексикада жол кырсыгынан 7 адам каза болуп 11 адам жаракат алды

Мексикада эл ташыган кичи автобус катышкан жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматта жазылгандай, жол кырсыгы Тласкала менен Сан-Мартин-Тесмелукан-де-Лабастида шаарларынын ортосундагы жолдо орун алган. Анда кичи автобус жогорку ылдамдыкта бара жатып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болуп, жаракат алгандар дароо ооруканага жеткирилген. Жаракат алгандардын арасында балдар дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Qwerty2018
2018-03-02 22:00:20
Жакындарына сабыр берсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан