Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 4-мелдеш күнү старт алды. Анда кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 1 спортчу чыккан.
53 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Мадина Надирова алгачкы беттешинде казакстандык Жылдыз Эшимовага кез келди. 2 мүнөт 30 секунддун ичинде Казакстандын балбаны өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, 10:0 эсеби менен Кыргыз балбанды жеңип алды. Муну менен Мадина Надирова медалдар үчүн күрөштү токтотту.
Айта кетсек, кечээ, 1-мартта Кыргыздын атынан 4 балбан катышкан. Мелдештин жыйынтыгында, Мээрим Жуманазарова коло байгенин ээси болгон, Айпери Медет кызы коло байге үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартса, Нураида Анаркулова жана Саяна Баизова тандап алуу этабында эле жеңилип калган.