Ошто айдоочу унаанын кол тормозун тартып коюуну унутуп кетип, машина короодо ойноп жаткан 2 жаштагы баласын тебелеп кетти

Ош шаарында токтоп турган унаа жылып кетип 2 жаштагы наристени тебелеп кетти. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1-мартта саат 15:00 чамасында Ош шаарынын Тургунбаев кѳчѳсүнүн 27 жаштагы тургуну ѳзүнүн Мерседес-Бенц-270 үлгүсүндѳгү унаасын үйүнүн алдына нейтралдуу абалда токтотуп үйүнѳ кирип кеткен.

наа артка карай жылып, ойноп отурган баласын тебелеп кеткен. Айдоочу ѳзүнүн уулу, 2016-жылы туулган наристени ооруканага алып барган учурда ички органдарынын катуу жабыркагандыгынан улам каза болуп калган. Ымыркайдын атасы жеке таксист. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ үйгѳ зарыл иштер менен келип, кайра эле кетүүнү ойлонгон, шашкандыктан унаасынын кол тормозун тартып коюуну унутуп калгандыгын айтып берген", - деп айтылат ШИИБдин маалыматында.

Учурда бул боюнча тиешелүү техникалык экспертизалар дайындалган. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш каттоо китебине кокустук катары катталып, иликтѳѳ иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
vikidiki
2018-03-02 13:41:56
Байкуш наристе. Ата энесине сабыр бере кор!
+16
nargiz94
2018-03-02 15:07:35
Иии байкуш ай, атасы озун-озу жеп аткан экен да.
+15
Djal1987
2018-03-02 17:56:36
Айпери кубак кызы сага тиешелуу. Понты болуп интрига менен журосун машинага кече эле отуруп алып. Понты в переводе страдание
+1
Nurkul
2018-03-02 22:13:58
Атайлаган жоктур бечара ата энесине сабыр берсин Аллахым бул да болсо тагдырга жазмыш сыноодур.Сабр
+8
AzKumFerDan
2018-03-03 12:25:03
Атаган и шорун куруп калыптырго
0
Munar92
2018-03-03 15:28:42
Кудайым озун сакта
0
Qwerty2018
2018-03-03 18:15:14
Шашпагылааа айдоочулар!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан