Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун мурдагы директору Руслан Элебесов кармалды

Ысык-Көл өнүктүрүү фондусунун мурдагы директору Руслан Элебесов кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын катчылыгынан кабарлашты. Бирок качан жана кайдан кармалганын ачыкташкан жок. Маалым болгондой, ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ээлик кылуу” беренеси боюнча айыпталып жатат.

Ошондой эле катчылыктан Элебесовдун баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынганын, бул факты боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы иликтөө жүргүзүп жатканын да кошумчалашты.

Аталган фондго жыл сайын “Кумтөр” кенин иштеткен компаниянын жалпы кирешесинин 1 пайызы түшүп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан