14-16-июнь күндөрү Бишкектеги №62-мектепте Кыргызстандын волейболчу айымдары арасында өлкө чемпиондугунун 2-мелдеши өтөт. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясы билдирди. Өлкө чемпиондугуна 4 клуб ат салышууда. Ал эми оюндар төмөнкүдөй тартипте өтмөкчү:
14-июнда саат 17:00дө "Алай-Датка" - "Намыс", саат 18:20да - "Салам-Алик" - "Улар"
15-июнда саат 15:00дө "Алай-Датка" - "Улар", саат 16:20да - "Салам-Алик" - "Намыс"
16-июнда саат 11:00дө "Намыс" - "Улар", саат 12:20да "Салам-Алик" - "Алай-Датка" командалары беттешмекчи.