Кыргыз дзюдочулар Түркияда өтүп жаткан Европанын Ачык Кубогуна катышып жатат

Кыргыз дзюдочулар Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасында Европанын Ачык Кубогуна катышууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясы билдирди.

2-4-март аралыгында өтүп жаткан мелдеште ага машыктыруучу Ислам Баялиновдун баштоосунда 19 Кыргыз спортчу катышууда. Алардын ичинде 2017-жылдын жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон Нурислам Иличбек уулу дагы бар.

Эркектер арасында Кыргыз курама командасы:

50 килограммга чейинки салмак ченинде: Чынгызхан Сагыналиев, Эрмек Сүйүмкулов, Каниет Окенов, Ханболот Ырысбеков;

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Артык Шамбетов, Сыймык Рысбеков, Мирсейит Бактыбек уулу, Абел Бакытбек уулу;

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Султан Жеңишбеков, Данил Адилетов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Абдулазиз Ноорузбеков, Азиз Момунов;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурислам Иличбек уулу;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Рамазан Нурланбек, Шакир Шакиров;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Анарбек Ишенбаев;

90 килограммдан жогорку салмак ченинде: Сыймык Жапаров;

Кыздар арасында Кыргыз курама командасы:

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Айчүрөк Молдоканова;

70 килограммдан жогорку салмак ченинде: Шахида Нармухамедова;

Ага машыктыруучу: Ислам Баялинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан