Голливудда сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп айыпталып жаткан Харви Вайнштейндин эстелиги орнотулду

Голливудда сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган деп айыпталып жаткан Харви Вайнштейндин эстелиги орнотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, "Кастинг үчүн жумшак эмерек" деп аталган эстеликти Пластик Жизус жана Жошуа Монро аттуу сүрөтчүлөр тургузган.

Сүрөтчүлөрдүн эмгегинде жумшак эмеректе "Оскар" статуэткасын колуна кармап отурган халатчан Вайнштейндин элесин көрүүгө болот. Эстелик 4-мартта "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өтө турчу Голливуд бульварындагы "Долби" театрынын жанында орнотулган.

Эскерте кетсек, дүйнөгө белгилүү болгон актрисалар продюсер Харви Вайнштейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттери жөнүндө коомчулукка жарыялашкан. Кийинчерээк Вайнштейндин интимдик катнаштан көз каранды болуудан арылуу үчүн дарыланып жаткандыгы маалым болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан