Советтер Союзу учурунда белгилүү болгон "Простоквашино" мультфильминин жаңы сериялары жарык көрөт

Советтер Союзу учурунда белгилүү болгон "Простоквашино" мультфильминин жаңы сериялары жарык көрөт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, "Простоквашино" мультфильминин жаңы сериялары интернет сайттарга апрель айынан баштап чыгат. Жалпы 2018-жылдан тартып 2020-жылга чейин 30 серия жарык көрөт.

"Бир айдан соң көрүүчүлөр мультфильмди алгач интернеттен, андан соң телеканалдардан көрө алышат", - деп билдирген "Союзмультфильм" ишканасы.

Ошондой эле мультфильмдин жаңы серияларында каармандардын үнүн белгилүү актёр жана ырчылар коштогону, бирок алардын аттары азырынча сыр экени маалыматта жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
i1urp
2018-03-02 17:34:09
Ушул мультфильмди коргондон тажабайм.
+2
ashuular_plus
2018-03-02 22:40:25
Оо, чыдамсыздык менен күтөбүз )))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан