ОИИБ: "Баткенде соодагерлерди алдап жүргөн деп шектелип үч бир тууган аял кармалды"

Баткенде алдамчылыкка шектелип үч аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-мартта Баткен ОИИБинин маалымат катчысы Дамира Юсупова кабарлады.

Маалым болгондой, Кадамжай районундагы "Баяман Баатыр" базарында 3 аял февраль айында соодагерлердин ишеничине кирүү менен товарларын алып, акчаларын кайтарбай жүрүшкөндүгү тууралуу милицияга арыздар келип түшкөн. Арыздын негизинде Кадамжай РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин жүрүшүндө ал аялдардын бири Ош шаарынан кармалган.

"Анын жоопторунун негизинде дагы эки аял шектүү катары кармалды. Алар 48 жаштагы Б.Р., 40 жаштагы Б.Н. жана 36 жаштагы Б.Г. аттуу бир туугандар болуп чыгышты. Кара-Суу районунун тургундары болгон бул бир тууган аялдар өз аттарын жашырып, башка ат менен сатуучуларды алдап, товарларын алып, изин жашырып жүрүшкөндүктөрү тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды. Алардын бири Б.Н. 2017-жылдан бери Жалал-Абад облусунда да алдамчылык фактысынын негизинде издөөдө жүргөн. Учурда факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Юсупова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nanei
2018-03-02 18:36:22
Заман эмес эл бузулду,озгочо Кыргыз элим
0
Baku88
2018-03-02 20:02:59
Кудай сактасын
0
rruslan88
2018-03-02 20:40:53
Суротун корсотконунордо жакшы болмок.себеби менда алдандым бир аялга,издеп таппай журом.60 мин сомдук детский кийим бергем ошо бойдон жок.
+7
mister888
2018-03-02 22:20:26
кадамжай отдел угро кучкаров омуке аширалиевич период иштерге ийгилик
-1
Bayjigit83
2018-03-03 15:01:57
mister888,Озун тушунсон эле болду экенда ээ...
+3
Azi81
2018-03-03 14:14:51
Канчалаган адамдарды алдаптыр каттуу текшериш керек бул алдамчыларды
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан