16-июнь күнү Бишкектеги №99-лицейде будо-каратэ боюнча шаар чемпиондугу өтөт. Мелдешке борбор калаадан жана Ысык-Көл облусунан 40ка жакын спортчу катышмакчы. Айта кетсек, аталган спорттук иш-чара каратэчилерди машыктырып келе жаткан "Фудошинкай" клубунун 20 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Мелдеш саат 10:00дө башталат.