Казакстандын Тараз шаарындагы түзөтүү абагында жаза өтөп жаткан Кыргыз өлкөсүнүн жараны Эркинбек Тентемишев ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-топтогу майып Эркинбек Тентемишев №158/4-түзөтүү абагынын жетекчилиги улутуна карата кемсинтип жатканын айтып, ачкачылык жарыялап, оозун тигип алган.
Буга байланыштуу, акыйкатчы Кубат Оторбаев Казакстандын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кайрылды. Оторбаев Тентемишевдин укуктарын коргоо боюнча көмөк көрсөтүп жана анын билдирүүсү аныкталса, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну өтүндү.
Ошондой эле акыйкатчы институту Кыргыз жаранын экстрадициялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Тышкы иштер министрлигине кайрылды.