Ош облусунун Араван районундагы айылдык кеңештин депутаты менен кылмыштуу топтун мүчөсү тургундан 400 миң сом талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева кабарлады.
Анын айтымында, жабырлануучу тарап милицияга арыз менен 18-февралда кайрылган.
"Аталган райондун 1986-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал арызында эки жаран 400 миң сом бересиң деп ур-тепкиге алганын көрсөткөн. Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесине (опузалап акча талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон. 19-февраль күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактык-аралык башкармалыгынын кызматкерлери 1980-жылы туулган, уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсүн жана 1979-жылы туулган жаранды кармаган. Ал бир эле учурда райондогу айылдык кеңештердин биринде депутат жана айылдагы мечитте имам экени аныкталган. Алар эки айга камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деди Сатарбаева.