Бишкек-Торугарт жолунун 56-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Бүгүн эртең менен болжолдуу түрдө саат 8:00 чамасында Toyota жана Audi үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы алар маңдай-тескей келе жатып сүзүшкөн. Кырсыктан улам 2 адам каза болуп, 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда кырсык болгон жерде ыкчам иликтөө иштери жургүзүлүп, окуянын келип чыгуу себептери жана андагы жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтар такталууда", - деп билдирди аталган мекемеден.