Кыргыз спортчулары жиу-житсу боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 4 медалды багындырышты. Бул тууралуу Жиу-житсу федерациясы билдирди.
Маалым болгондой, 1-марттан 4-мартка чейин Абу-Даби шаарында өтүп жаткан жиу-житсу боюнча жаштар арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан спортчулар 4 медалды багындырууга жетишкен. Тактап айтканда, Кылымбек Маамытов жана Руслан Сагдеев күмүш медалга татыса, Дмитрий Новиков менен Бүркүтбай Сатыбалдиев коло медалга ээ болушкан.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн атынан жалпысынан 9 спортчу катышууда.