Бүгүн, 3-мартта белгилүү телеалпаруучу, диктор Бактыбек Мамытов 68 жашка толду. SUPER.KG порталы алып баруучуну туулган күнү менен куттуктоо үчүн байланышка чыгып, бүгүнкү күнгө койгон пландарына кызыгып көрдү.
"Туулган күнүм менен биринчилерден болуп, таң атпай туруп байбичем куттуктаган. Андан соң уул-кыздарым, радио-теле жаатындагы журналисттер куттуктоо сөздөрүн арнашты. Учурда үй-бүлөм, неберелерим менен бирге үйдө отурабыз. Азыр уул-кыздарым келишет экен, ошолорду күтүп жатабыз. Убакыт жетиштүү болуп калса тоого чыгып, таза аба жутуп келсекпи деген планыбыз бар", - дейт ал.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган, 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган. Ал маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу болуп эмгектенип келет.
3-марттын жылнаамасы.