Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан 4 адам каза болгону белгилүү болду

Бүгүн Бишкек-Торугарт жолунун 56-чакырымында болгон кырсыктын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 3-мартта саат 08:15 чамасында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Бул убакта бет маңдайында келе жаткан Ауди 100 унаасы жолдон качууга аракет кылып, Хонда Степвагон унаасынын артында келе жаткан Тойота Алтеза үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Жыйынтыгында Ауди үлгүсүндөгү унаанын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, үчөө Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болушкан.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсыгына жолдун тайгактыгы себеп болгон. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aerforce
2018-03-03 16:06:47
степ кунолуу экенда ушулар акшындап айдап дайым бироонун шоруна чычат
+14
sirgak_92
2018-03-03 16:31:28
Баягы эле Смерт Вагон ушу унааны айьашпай эле койушса болмок кыргызстанда
+9
rysik79
2018-03-03 16:39:57
Кырсык каш кабактын ортосунда.
+3
Eli.91
2018-03-03 16:56:06
Киминер айттынар?бул жерде алардын ажалы жеткен экен деген бироо барбы?себепсиз олум болбойт,баары себептуу,булардында ажалы жеткен экен ичер суусу тугогон экен себеп кылып алып койду?бул ажал ажал айтып келбейт деген бироо барбы?ажалын жетбесе чон машина тейлеп кетседа олбойсун?
+4
Eli.91
2018-03-03 16:57:52
Ал Эми каза болгондордун карангы кору жарык болсун,кылган жакшы иштери башына саябан болсун,сурак сабалын женил кылган болсун,жайы жаннатан болсун оомин.
+7
Travmatolog
2018-03-03 17:26:24
ДТПнан аябай эле коп Адам олуп жатат акыркы кундору. Жайлары жаннат болсун амин
+2
umar.kgz
2018-03-03 17:30:14
эх степ вагон
+4
Azi81
2018-03-03 17:49:12
Жайлары жаннаттан болсун аллахым озун сактай кор
+3
BarsBaatyr
2018-03-03 20:31:03
Стептин шоопуру көпчүлүк Стептердин айдоочуларындай эле адыраңдап келаткан да.Миң менен.
+2
Refiri87
2018-03-03 21:41:29
Жайы Кен бейишинен берсин
+1
Zainidin96
2018-03-04 00:32:36
Баягыдай кырсыктар башталды окшойт
+1
Makain
2018-03-04 00:33:47
Ыйманы саламат болсун жакшы кишилер эле жанын жаннаттан берсин аллахым
0
tmttmt
2018-03-04 00:55:18
Бир саат мурун токмоктун мал базарына жетпей кырсык болуптур,,, бир аял окшойт байкушум десе каза болуптур төшөк жаап койуптур,,,
машине сүзүп кеткен кыязы
ыйманы саламат болсун...
ээх деп бир селт этип алдым бизда конокпуз,,,
ажал берсе аллахым ар кандай себеп менен кете беребиз....
+1
-FREEDOM-
2018-03-04 13:18:18
Дагы кимдин шору куруду. Жаткан жерлери жайлуу ,топурагы торко,суроо жообу женил болсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан