Бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Айбек Усупов коло медаль үчүн беттеште жеңилүү ызасын тартты.
97 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Айбек Усупов коло медаль үчүн беттеште япониялык балбанга туш келди. Беттештин жыйынтыгында япониялык балбан 6:3 эсеби менен жеңишке жетти.
Айта кетсек, буга чейин Эламан Догдурбек уулу коло байге үчүн беттеште жеңилип калган.