"Алтын малина" антисыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталып, Том Круз "Эң начар актёр" деп табылды

Белгилүү актёр Том Круз "Алтын малина" антисыйлыгынын жыйынтыгы боюнча "Эң начар актёр" деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Алтын малина" антисыйлыгынын жыйынтыгы кечээ, 3-мартта чыккан. Анда америкалык актёр Том Круз "Мумия" тасмасындагы ролу үчүн "Эң начар актёр" наамына татыган. Ал эми "Эң начар актриса" наамы "Мэдеинин Хэллоуини 2" тасмасында айымдын ролун аткарган актёр Тайлер Перриге буюрган. Ошондой эле "Эң начар фильм", "Эң начар сценарий" жана "Эң начар режиссёрлук иш" наамдары "Эмоджи тасма" фильмине ыйгарылса, "Эң начар ремейк" сыйлыгына "Элүү түскө күңүртүрөөк" тасмасы ээ болгон.

"Алтын малина" - антисыйлыгы 1981-жылы америкалык Жон Уилсон тарабынан уюштурулган. Сыйлык жылдын эң начар актёру, актрисасы, тасмасы, режиссёру, тасмага жазылган музыкасы номинацияларында тапшырылат. Антисыйлыктын статуэткасы желимден жасалып, алтын түстөгү боёк менен боёлгон. Анын баасы ашып кетсе 5 долларды чапчыйт. "Оскар" сыйлыгын тапшыруудан бир күн мурда "Алтын малина" наамынын ээлери аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhykyo
2018-03-04 11:28:06
Том Круз ишенгем да сага
+3
Pandora
2018-03-04 11:37:26
Адамдын духун очуруп эн начар деген наамды ээси болгондон коро,сыйлыксыз калды деген мин абзел.Мындай наамдын не кереги бар?!
+4
jasgul
2018-03-04 12:15:02
Ырыс Жоомартовага таандык сыйлык экен
+21
erkeleim
2018-03-04 12:43:19
jasgul жардынго))) Таамай соз а так
+2
Mavlyuda
2018-03-04 17:30:38
jasgul,Хаа хаааа
+1
daniel87
2018-03-04 12:33:31
Том Круз эн мыкты актёр красавчик
+2
Gsuita
2018-03-04 13:42:58
Эмоджи жагат бизге,балдарым аябай жакшы көрөт.
+1
vikidiki
2018-03-04 14:25:05
Бизде да бар болсо ушундай сыйлык
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан