Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Муслим Евлоев финалга өттү. Эми алтын медалды жеңгенге аракет жасайт

Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Муслим Евлоев финалга өтүп, эми алтын байге үчүн күч сынашат.

74 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Муслим Евлоев алгачкы беттеште тажикстандык балбанды жеңип, чейрек финалда түркмөнстандык балбанды утуп, жарым финалда ирандык балбандын үстүнөн жеңишке жетти.
Эми финалдык беттеште Муслим Евлоев монголиялык балбан менен кез келип, алтын медаль үчүн күч сынашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TalaCSKA
2018-03-04 13:02:39
Ийгилик !!!
0
taimanbas
2018-03-04 13:36:13
ийгилик
-1
Dembele84
2018-03-04 14:09:03
Алтын медаль учун курошот десе кичине суйунот экенсин,а коло медаль учун деген уже конумуш эле адат болуп калды.Олимпиада же Чемпионат мирада коло медаль учун курошот дегенде эки колдоп колдомокмун )))))
+1
Mamiev
2018-03-04 15:16:00
Дуйно чемпиону болбосо да Азия чемпиону болуш оной эмес.Азия эмес бир райондун чемпиону болуш кыйын.Азамат ийгилик каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан