Бүгүн, 4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз балбаны Улукбек Жолдошбеков коло байге үчүн күч сынашат.
61 килограмм салмак ченинде күч сынашкан Улукбек Жолдошбеков көңүл жубатуучу беттеште монголиялык балбанга туш келип, анын үстүнөн жеңишке жетти. Муну менен Жолдошбеков коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүнчүлүк алды. Анда Кыргыз балбаны ирандык балбанга туш келет.
Айта кетсек, бүгүн дагы бир Кыргыз балбаны Муслим Евлоев медаль үчүн күч сынашат. Ал алтын медаль үчүн беттеште монголиялык балбан менен кез келет.