Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Мелдештин 5 күнүнүн жыйынтыгында медалдык эсепте Кытай курамасы алдыда келе жатат, Кыргыз курамасы 6-орунда

Расмий эмес жыйынтыктар боюнча учурда Бишкекте өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кытай курама командасы медалдык жарышта 1-орунда келе жатат, Кыргыз курамасы 6-орунда.

Мелдештин 5 күндүк жыйынтыгында медалдык жарышта Кытай курамасы 7 алтын, 1 күмүш, 4 коло медаль менен келе жатат. Ал эми Кыргыз курама командасы 1 алтын, 3 күмүш жана 5 коло медаль менен 6-орунда жайгашууда.

Айта кетсек, бүгүн 2 Кыргыз балбан медалдар үчүн күрөшөт, анда Муслим Евлоев алтын медаль үчүн күч сынашса, Улукбек Жолдошбеков коло медаль үчүн күрөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Mamiev
2018-03-04 15:03:14
Кыргыздардан алтынды ким алды?
-2
JrDosSantos
2018-03-04 15:15:36
Акжол Махмудов алтын алды.
+2
Dembele84
2018-03-04 15:51:09
Кытай алтынды жыйып эле алыптыр го,молодцы!
+3
realliver
2018-03-04 19:14:34
Dembele84,Алардын кыздары кыйын экен. Балдыры бир же эки алтын алды окшойт. 4-5 алтынды кыздары алып койду
0
urmat94
2018-03-04 15:55:50
Саат канчада курошот супер айтып койгулачы
+1
Maks007
2018-03-05 02:34:32
Кыргызым жок дегенде Өзбекстан менен Казакстан дан өтүп кетсе экен
+1
Adi.Avazbekov
2018-03-05 03:58:23
Artynan 1 chi okwoit kyrgyzstan
0
Erik.kainashov.kg
2018-03-05 11:30:43
Urmat94. Saat 10:00 18:00do KTRK sport kanalynan boltat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан