Балбан Базар Базаргуруевге 2008-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалы тапшырылды

4-мартта Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда улуттук олимпиадалык комитет балбан Базар Базаргуруевге 2008-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалын тапшырды.

Сыйлыкты улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов тапшырды. Ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов акчалай сыйлык тапшырды. Базар Базаргуруевге 2 миллион 209 миң 312 сом ыйгарылса, анын машыктыруучусу Анарбек Усенканов 552 миң 328 сомго ээ болду.

Эске салсак, эл аралык Олимпиада комитети 2017-жылы украиналык Василий Федоришиндин канында допинг табылгандан улам анын ийгиликтерин жокко чыгарган. Буга байланыштуу анын 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында жеңип алган күмүш медалы япониялык спортчуга, ал эми коло медаль Кыргыздын атынан күрөшкөн Базар Базаргуруевге ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
maks992
2018-03-04 19:40:01
молодец
+1
Kelechek1
2018-03-04 20:38:41
Жүгүргөндүкү эмес,буюргандыкы деп ушуну айтса керек.
+2
Karasuu27
2018-03-04 21:03:29
А бурят жигити азамат!!!
+2
shankol88
2018-03-04 21:38:21
Ооо ушуну жакшы жаңылык десе болот,азаматсың ...Алга Кыргызыстан...!
+3
Farm94
2018-03-04 23:43:57
Легионерлердин бизге эмне кереги бар андан коро ошол акчага озубуздун талантуу балдар кыздарыбызды остуруп колдосок болотда
-3
Begmat1992
2018-03-05 07:47:56
10 жылдан кийин билишиппи канында допинг бар екендигин
0
1919
2018-03-05 11:46:49
Ак ийилет бирок сынбайт деген ушу экенда
0
taalay25
2018-03-05 18:59:52
Жап жаш бала эле киши болуп калыптыр. Мезгил озгортот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан