4-мартта эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон кыргыз балбаны Муслим Евлоев жеңиштен кийинки сезимдерин SUPER.KG порталына айтып берди.
“Финалда 13:1 эсебинде жеңгендиктен, көрүүчүлөргө оңой эле жеңишке жеткендей көрүндү окшойт. Бирок андай болгон жок. Чынында эле беттеш оор болду, колумдан келген аракетимди жасадым. Чет жакта күрөшкөндө анчейин деле сезилбейт, бирок өз өлкөңдө өтүп жаткан мелдешке чыкканда жоопкерчилик күчтүү болот экен. Бул жакта мени колдогондор, кыйкырык-сүрөөндөр менен коштогондор да абдан көп болуп, чоң дем-күч берип жатты”, - деди ал.
Айта кетсек, учурда кыргыз спортчуларынын капчыгында 2 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль бар.