Белгилүү "Азия Микс" КВН командасынын башчысы Элдияр Кененсаров Орусиянын Биринчи каналынын "Эмне? Кайда? Качан?" аттуу интеллектуалдык оюнуна катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына жарыялады.
Орусиянын Биринчи каналынын түз эфиринде 4-мартта саат 22:30да (Бишкек убактысы боюнча саат 01:30да) орун алган оюнда Элдияр Кененсаров, орусиянын КВН жылдыздары жана белгилүү актёрлор Михаил Галустян, Гарик Мартиросян, Вадим Галыгин, Сергей Кашников, Алексей Кривеня менен биргеликте оюн көргөздү.
Жазгы сезондун алгачкы оюну болгон бул эфирде оюнчулар Орусиянын шаарларында жана Беларусь өлкөсүндө жашаган телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп издешти. Оюндун жыйынтыгында КВН жылдыздарынан түзүлгөн команда 6:4 эсебинде жеңишке жетти.
Эң мыкты оюнчу деп командага 3 упай алып келе алган белгилүү "Таганрог" КВН командасынын мүчөсү Сергей Кашников аталды. Жеңиш үчүн оюнчулар "Хрусталдык атом" сыйлыгын алышты.
Эмне? Кайда? Качан? - интеллектуалдык оюну алгачкы жолу 1975-жылы 4-сентябрда Биринчи каналдын эфирине чыккан. Аталган оюнда 6 адамдан турган топ, телекөрүүчүлөрдөн келген суроолорго 1 мүнөттүн ичинде жооп берүүгө тийиш. Туура жооп берген тарап упай топтоп акчалай сыйлыкка ээ болот.