Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унаа менен жеңил машина сүзүшүп 4 адам каза болду

Бишкек-Ош жолундагы Өтмөк ашуусунда жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-март күнү болжол менен саат 14:30 чамасында Ош-Бишкек жолунун Өтмөк ашуусуна жетпей бурулган жерде болгон. Анда Scania жүк ташуучу унаа менен Toyota Ist үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт адам тең кырсык болгон жерден көз жумган. Алардын арасында 11 жаштагы бала болгондугу айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Qwer007
2018-03-05 08:12:38
Аллах жайын жаннаттан кылсын. Кайран кыргыз кырылып буто турган болдукго. Айланайын айдоочулар абайлагылачы, бейкуноо адамдардын убалына калып жатасынар!!!
+3
jbolotov
2018-03-05 08:26:48
Айдоочулар жай айдаганды уйронолу. Эки саат эрте жеткенче эсен барган жакшы.
+17
rysik79
2018-03-05 08:41:48
Кун алыс суук кабар. Согуштан кара кагаз келгендей эле болуп калды го. Кудайым айтылбай келген кырсыгындан сактачы.
+12
kairan_ozum
2018-03-05 09:22:11
Кыргызстанда согуш болуп жатабы?кунуго 4-5адам олот,эээээ жараткан элибизге тынччылык бере кор!!!
+2
Azi81
2018-03-05 09:57:23
Жаткан жерлери жайлуу болсун бейиштен жай бере кор!!!саналуу эле кыргыз калды окшойт
+3
Ka2sr1
2018-03-05 10:20:16
Авария деген неме токтобой калды го.
+2
Nurik1988
2018-03-05 10:49:47
Тез арада Ош Бишкек жолуна ортосуна защитные Темир койуп чыгуу керек ошондо азайат авария Бийлик жеп эле жата бербей ушуга окшогон маселенин талкулап чыгып ишке ашырсанар. Жанагыдай 250 мин сомго гул алгыча жолду карагыла
+7
Dalil
2018-03-05 13:28:44
Nurik1988, туура пикир кошулам. Жок эле дегенде эң кырсык көп катталган жерлерди ошентип тосуп чыгуу керек. Бизде алдынан эле унаа көрүнсө ошондон озуп өтүүгө шашылган айдоочуларыбыз көп. Ошентип каршы тилкеге чыгып өлүмгө учурагандар көп болууда.
+1
raykray
2018-03-05 12:26:11
Эх качан онугобуз,качан биздеда темир жолдор курулуп авиа каттам болуп ал жолдорго оз окатын кылган жук ташыганлар журуп калат,бироо ооруп бишкекке кележаткандыр бироо даарыланып уйуно бараткандыр эле
+1
Ermekbai
2018-03-05 12:46:00
Чоң трассаларда 60дан ашырбай айдачуу эреже кабылдасак кандай болот. Авария болсода өлүм азыраак болоор беле. Тез жетпесекда аман эсен жетеби элек аман болойлучу жол кырсык көп болуп жатат. Гаи ни ЖКК кылып өзгөрткүчө жол кырсыктарын азайтуунун үстүнөн иштесе экен.
0
Alixan-Nookat.2015
2018-03-05 13:05:30
Оң рулдуу же сол рулдуу унааларга өтүш керек мисалы биздин жолдор, эрежелер сол рулдуу унааларга ылайыкташтырылган.Ушул мыйзамды эч ким кабыл алалбады он рулдуу унааларга тыюу салуу жөнүндө.
+2
take1984
2018-03-05 14:01:45
он рулду деле жакшы башкарса болот сол рул кымбат он рул жаны машина алса болот ошол акчага болгону эрежелди сактабай жатабыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан