Волейбол боюнча Кыргыз курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу Таиланддын чемпиондугунда ойноп, командасы менен күмүш медалдардын ээси болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 3-мартта Таиланд лигасынын жыйынтыктоочу 14-турунун оюндары орун алды. Анда Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" 3:0 эсеби менен "Саманун Ратчабури" командасын жеңип турнирдик жадыбалда биринчи орунга көтөрүлгөн.
Ал эми 4-мартта Каныбек уулунун командасы менен турнирдик жадыбалда тең келе жаткан "Накхон Ратчасима" командасы "Даймонд Фуд" менен беттешти. Бул беттеште "Даймонд Фуд" жеңишке жетсе, мекендешибиздин командасы чемпиондукту камсыздамак. Бирок, тилекке каршы, "Накхон Ратчасима" командасы атаандашын 3:0 эсеби менен жеңип алып, Таиланддын чемпиону аталды. Оңол Каныбек уулунун командасы "Эйр Форс" күмүш медалдарды тагынса, "Даймонд Фуд" командасы коло медалдарды тагынды.