Араван районунда тургундан зына (аягы суюктук, бузукулук) иштерди кылгансың деп 400 миң сом акча талап кылган 2 жаран кармалган. Алардын бири айыл имамы, бири кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жаран болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG'ге билдиришти.
"Окуя 18-февралда болгон. Ош облусундагы Араван районунун Ф.Р. аттуу тургуну Ош ОИИБине арыз менен кайрылган. Ф.Р. арызында: "О.М. аттуу жаран менин агамдын аялына келип, зына иштерди кылып жүрөсүң деп мени да опузалап, 400 миң сом акча талап кылды. Ал менен кошо О.М. аттуу дагы бир жаран бар" деп жазган", - деп билдирет Ош ОИИБи.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Окуяга шектүү катары айылдын имамы, 1979-жылы туулган О.М. менен С.А. аттуу жарандар кармалган. 21-февраль күнү шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын Араван райондук соту карап чыгып, шектүүлөрдү 1 айга камакка алуу чечими чыгарылган. Бирок 27-февралда Ош облустук соту камактагы имам О.М.нын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына алмаштырган.
"Кармалган жарандардын бири, 1986-жылы туулган С.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин билдирди. Учурда бул окуяны ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын тергөө бөлүмү карап жатат", - деп билдирет Ош ОИИБинен.