Жаа атуу боюнча Кыргыз курама командасы Казакстанда өтө турган эл аралык "Гран-При" мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, Шымкентте 30-марттан 5-апрелге чейин өтө турган мелдешке даярдык катары Кыргыз курама командасы учурда окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов жыйынга 13 спортчуну чакырган. Окуу-машыгуу жыйындары Бишкек шаарында 1-13-март аралыгында өтүүдө.
Кыргыз курама командасы:
Асел Шарбекова - эл аралык даражадагы спорт чебери;
Сабина Турарова - спорт чебери;
Улук Курсаналиев - спорт чебери;
Аяна Рустам кызы - спорт чеберине талапкер;
Жибек Канатбек кызы - спорт чеберине талапкер;
Диана Канатбек кызы - спорт чеберине талапкер;
Айтурган Маматкулова - спорт чеберине талапкер;
Анастасия Ермолина - спорт чеберине талапкер;
Үмүт Сыдыкова - 1-разряд;
Азим Осмоналиев - 1-разряд;
Элиза Тыналиева - 1-разряд;
Сезим Акелеева - 1-разряд;
Камила Жапарова - 1-разряд;
Башкы машыктыруучу - Кылычбек Нурманбетов;
Ага машыктыруучу - Заир Бердибаев.