Бишкек шаарындагы Сухе-Баатыр менен Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги люктан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"4-март күнү саат 5:43 чамасында Европа түспөлүндөгү жашы 35тер чамасында Р.Е.В. аттуу аял табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.