Кыргыз жерине 2 тоннага жакын лимонду мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 1-мартта ЕАЭБдин аймагында товарларды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюу боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анын алкагында Баткен-Ош унаа жолунда бара жаткан Мерседес-Бенц 408 үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Натыйжада ал унаадагы 1 миң 900 килограмм лимон Тажикстандан Кыргыз жергесине мыйзамсыз алып келгени белгилүү болгон.
Ошондой эле басма сөз кызматынан бул иш Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын да кошумчалашты.