Бишкек-Ош жолунда унаа айдап бара жаткан учурда айдоочунун жүрөк оорусу кармап каза болду

Бишкек-Ош жолунда газ ташыган унаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап калган. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн бүгүн, 5-мартта билдиришти.

"Окуя 3-мартта Бишкек-Ош жолунун 618-чакырымында болгон. Анда газ ташыган унаанын айдоочусу, 1961-жылы туулган жарандын жүрөк оорусу кармап калып каза болуп калган. Мындан улам унаа башкаруудан чыгып, жолдогу бакты сүзүп токтогон", - деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

Ошондой эле ал унаада маркумдун бир тууган иниси да болгон. Ал кырсыктан жабыркаган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jaskaaa
2018-03-05 18:55:18
Жаны жаннаттан болсун
+3
Zainidin96
2018-03-05 22:28:02
Туугандарына сабр жаткан жери жайлуу болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан