Өлкөдө бир жуманын ичинде 196 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-февралдан 4-мартка чейин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан өлкө аймагында рейддер жүргүзүлгөн. Анын алкагында ар кандай жол эрежелерин бузганы үчүн 23 миң 808 айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылган. Алардын ичинен 196 айдоочу мас абалында унаасын айдап бара жатып кармалган.
Андан сырткары басма сөз кызматынан 1135 унаа айып аянтчасына токтотулганын да кабарлашты.