Чүйдө турак жайдан чыккан өрттөн 38 жаштагы жаран түтүнгө ууланып ооруканага түштү

Чүй облусундагы Токмок шаарында турак жайдан чыккан өрттөн 38 жаштагы адам ууланып, ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт Токмок шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен чыккан. Анда турак жайдын 2 бөлмөсү өрттөнүп, 38 жаштагы Т.А. аттуу адам түтүнгө ууланып, ооруканага түшкөн.

Ошондой эле басма сөз кызматынан өрт электр зымдарынын чукул туташуусунан улам чыкканын кабарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан