"Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү жайынын жетекчисине жана бир катар кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын жетекчисине жана Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Транспорт жана жолдор министирлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин Ош облусунун аймагындагы мекемелери текшерүүгө алынган. Анын жүрүшүндө аталган мекеменин Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Д.М. жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын жетекчиси К.Ж. дагы бир нече адам өз ара сүйлөшүп алышып, 2017-жылы 651 уруксат кагаздарын жүк ташыган унаалардын айдоочуларына мыйзамсыз түрдө беришкени аныкталган.
Буга байланыштуу 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 315-берене (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarKGZ
2018-03-05 17:27:38
жакшы дагы коро жатарбыз
0
akyn
2018-03-05 19:39:25
элге коргозмо. гипноз. карга карганын козун чукубайт! ))
+1
akyn
2018-03-05 19:41:12
ошол жакта иштегендерди угуп эле журобуз, бир айда бир машинага иштешет экен. жон гана рядовойлор
0
Karasuu27
2018-03-06 08:06:29
Аты жонун толук неге жазбадынар?жазыш кк болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан