Словакиянын Братислава шаарында 1-5-март аралыгында өткөн сууда сүзүү боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз спортчулары 4 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү федерациясы билдирди.
Аталган мелдеште Европанын 500дөн ашуун спортчусу катышып, Кыргыздын атынан Денис Петрашов, Владислав Шулико, Азиз Сансызбаев, Елизавета Рогожникова жана Темирлан Каратаев катышкан.
Мелдештин жыйынтыгында Денис Петрашов брасс стилинде 100 жана 200 метр аралыкта күмүш медалдын ээси болсо, Елизавета Рогожникова эркин стилинде 200 метр аралыктагы жана 800 метр аралыктагы жарышта коло медалды жеңип алган.
Эске салсак, Денис Петрашов 2017-жылы Азия чемпиондугунда алтын медалды жеңсе, Елизавета Рогожникова коло медалды багындырган.