Дарыгер: "Ошто жездеси бычак сайган келиндин абалы туруктуу, басып калды"

Ош шаарындагы базарлардын биринде соода кылып жаткан жеринен жездеси бычак менен сайып салган, келиндин абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта SUPER.KG порталына Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы Алмазбек Маматалиев билдирди.

Дарыгердин айтымында, жаракат алган 29 жаштагы келиндин абалы туруктуу, ал басып жүрөт.

"Жабырлануучу 4-март күнү курч нерсе менен жамбашынан жаракат алып түшкөн. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жаткырылган. Учурда анын абалы туруктуу, басып жүрөт", - дейт Маматалиев.

Айта кетсек, буга чейин Ош ШИИБинен базарда соода кылып жаткан келинди жездеси бычак менен сайып салганын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан