Жогорку Сот "сурак учурунда шектүүнү кыйнаган" деп айыпталган 3 милиция кызматкерине чыккан өкүмдү күчүндө калтырды

Жогорку Сот "21 жаштагы адамды сабап, кылмышты моюнуна алууга мажбурлашкан" деп айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Таш-Көмүр ШИИБинин 3 кызматкери 2015-жылы 21 жаштагы Эсенбек Анарбек уулун уурулукка шектүү катары кармап кетип, башына желим баштык, противогаз кийгизип кыйнап, сабаган деп айыпталган. Кийин 2017-жылы декабрь айында Жалал-Абад облустук соту милиция кызматкерлерин күнөөлүү деп таап, үчөөсүн тең 8 жылдан эркинен ажыратып, сот залынан камакка алган. Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүнө ылайык, милиция кызматкерлери Автандил Болотов, Элзар Ибраимов жана Шекербек Ажибеков 8 жылга эркинен ажыратылган. Алар жазаларын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттендирилген. Бирок алардын жактоочусу чечимге нааразы болуп Жогорку Сотко кайрылып, аларды актап берүүнү өтүнгөн болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
BekAmir
2018-03-05 18:21:25
Туура кылат
+7
Nurtilek001
2018-03-05 19:16:10
Абдан туура окум, копчулук учурда ушулар чыныгы кылмышкерлерди таппай эле башка адамга мажбурлап кыйноо мн куноону мойнуна койгон учурлар коп болот, акыйкат чечим болуптур, жон жерден бироону кыйнагандары учун жазасын алышсын.
+5
amirrus
2018-03-05 19:20:39
сотторго жан кире баштады бир аз
+3
shankol88
2018-03-05 19:53:46
Аллахым баарыбызга акыйкаттык сотторго адилеттүүлүк берсин...
+5
KGbalakay
2018-03-05 19:59:49
Эн туура кылган, бизде акыйкат жок болгон эмес,
+3
Travmatolog
2018-03-05 21:37:38
Молодец туура кылыптыр.
+1
jbolotov
2018-03-05 23:05:20
Эми алар Жогорку Сотко кайрылышат дейт, Жогорку Соткода ишеним жок, пулун болсо кулунмун деген прицип
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан